«Мыкты кабинет » мектеп аралык сынак
«Мыкты кабинет » мектеп аралык сынактан октябрь району боюнча биринчиликти жана область боюча 2 орунга ээ болдук.Көп жылдык тажрыйбасы бар биздин кыргыз тил жана адабият мугалими Джумабаева Токтокан Алтымышовна Чынгыз Айтматов кабинетин алып келет .Сынактын баардык талаптарына жооп берген кабинетте эжекенин эмгеги зор.
Мамлекеттик тил күнүнө арналган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Мамлекеттик тил күнүнө карата билим берүү уюмдарынын арасында сынак өткөрдү.
Катышуучулар «Эң мыкты кыргыз тил кабинети» жана «Эң мыкты дилбаян» номинациялары боюнча ат салышты.
Жогорку статуска ээ гимназиялардын ичинен 1 -орунду №6- мектеп гимназиясы жана № 20 -мектеп гимназиясы, 2 -орунду №39- мектеп, 3 -орунду №4- мектеп ээледи.
Жалпы билим берүүчү мектептер арасында «Эң мыкты кыргыз тил кабинети» номинациясы боюнча биринчи орун №25- орто мектептин бөлмөсү деп табылды, экинчи орун №84- мектеп жеңип алды.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында «Эң мыкты кыргыз тил кабинети» номинациясы боюнча биринчи орунду №118чи жана №18чи бала бакчалар бөлүштү.
Кыргыз тилинде окутулган мектептер арасындагы эң мыкты дилбаян сынагында 1 -орунду №69- мектеп, 2 -орунду №76- жана №82- мектептер, 3 -орунду №49- жана №67- мектептер бөлүштү.
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде мыкты дилбаян сынагында 1 -орунду №1- мектеп, 2 -орунду №8- мектеп, 3 -орунду №61-№73-мектептер ээледи.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана окууларына ийгиликтерди каалайт!
Комментарии